Депутаттар өкмөткө шайлоо жана чегара маселелери боюнча өз ойлорун айтышты

  20.05.13   15:22
 287

Бүгүн, 20-майда, парламенттин эл аралык иштер боюнча комитетинин жыйынында 2012-жылдагы өкмөттүн отчетун талкуулоо маалында мурдагы республикачы, ал эми азыр жаңы депутаттык топтун мүчөсү Алмазбек Батырбеков саясатчылардын акимди шайлоо аркылуу тандоо керек деген сунушуна каршы болду. Ал мындай шайлоо элди өз ара күрөшкөн эки лагерге бөлөөрүн айтат.

Мындан тышкары депутаттар элди бириктирүү боюнча улуттук долбоорлор менен билим берүү маселелерин көтөрүп чыгышты.

"Көбү акимди дайындоо шайлоо аркылуу болушу керек деп жатышат, анда эл экиге бөлүнөт. Биз ойлонулган саясат жүргүзүүгө тийишпиз. Бизде жер-жерлерде маселе көп. Шайлоочулар министрлер кабинети менен бирге чече турган суроолор боюнча кайрылып жатышат",- дейт Батырбеков.

КСДП фракциясынан депутат Бахтияр Кадыров "өлкө Өзбекстан менен кызматташабы, кайсы долбоорлор Кыргызстандын элин алардын улутуна карабай биримдикке алып келет?",- деген суроолорго кызыкты.

Мындай суроого Жантөрө Сатыбалдиев буга окшогон долбоорлор бар экенин жана аларды элге таанытууга ЖМКлар тартыла турганын айтты.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224218

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.