Батукаев боюнча депкомиссиянын жыйынтыгын 22-майда жарыялоого убада беришти

  20.05.13   15:23
 270

Криминалдык авторитет Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда бошотулушун изилдөө боюнча депутаттык комиссиянын мүчөлөрү 22-майда өз бүтүмдөрүн жарыялоого ниеттенип жатат. Комиссиянын мүчөсү Жоомарт Сапарбаев билдиргендей, бүгүн алар жабык жыйында бүтүмдүн текстин иштеп чыгууда. "Баардык талаштуу учурлар азыр чечилди. 22-майда өз кесиптештерибизге биздин иштин жыйынтыгын айтабыз",- дейт Сапарбаев.

Эскерте кетсек, криминалдык авторитет Азиз Батукаевди 9-апрелде Нарындагы №4 абактан дарыгерлердин анын "канында рак оорусу бар" деген бүтүмүнүн негизинде бошотушкан. Ошол эле күнү Батукаев туугандары менен бирге Грозныйга чартердик каттам менен учуп Кыргызстандан чыгып кеткен.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224219

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.