Түлеевдин сот иши айыптоочу тараптын күбөлөрүн сөзсүз алып келүүсүн буйруду

  20.05.13   15:21
 314

Бүгүн, 20-майда, экс-мэр Нариман Түлеевдин иши боюнча жүргүзүлүп жаткан сот жыйынга иликтөөчү Кубанычбек Сабыров жана иликтөө жүргүзүп жаткан топтун жетекчиси Жаныбек Салиевди мажбурлап алып келүү туурасында токтом кабыл алды. Бул тууралуу жыйын учурунда төрагалык кылып жаткан сот Аман Сариев маалымдады.

Белгилей кетсек, айыптап жаткан тараптын күбөлөрү дагы бир ирет жыйынга баш багышкан жок. Анысы аз келгенсип, Сабыров сотко коомдук жардамчысын жөнөтүп, ал кайсы себепке байланыштуу күбөлөрдүн келиши талап кылынып жаткандыгын сурады.

"Алгач биз күбөлөрдү сотту сыйлабагандыгы үчүн айып пул төлөтөбүз. Сот күбөлөрдү күчкө салып алып келүү боюнча буйрук чыгарат", - деди Сариев.

Эске салсак, 2012-жылдын 29-октябрында, Башкы прокуратура "Ата-Журт" фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты, борбордун экс-мэри Нариман Түлеевге жана мэриянын башка дагы бир катар чиновниктерин айыптаган. Аларга карата кылмыш иши козголгон.

Иш боюнча Түлеевдин өзү, "Тазалык" муниципалдык ишканасынын мурунку директору Бакыт Сыдыков, Бишкек жүргүнчүлөр унаатранспорту ишканасынын директору Медет Кожобергенов, мурунку вице-мэр Валерий Корниенко жана муниципалдык менчик башкармалыгынын жетекчиси Руслан Бейшенбаев өтүп жатышат.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224220

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.