Жантөрө Сатыбалдиев: Мен Жерүйдү аукционго 100 млн долларга коюну сунуштагам

  20.05.13   15:49
 327

"Мен Жерүй кенин 100 млн долларга аукционго коюну сунуштагам, бирок ошол маалда 300 миллион деп айтылып кетти жана мен ага макул болдум",- деп билдирди бүгүн, 20-майда, өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев парламенттин эл аралык иштер боюнча комитетинин жыйынында 2012-жылдын жыйынтыгы боюнча өкмөттүн отчетун талкуулап жаткан маалда.

"Ата-Журт" фракциясынан парламентчи Жылдызкан Жолдошова өкмөт башчыдан Кумтөр боюнча маселени чечкенге чейин кендерди сатуу канчалык маанилүү экени боюнча өз позициясын билдирүүнү өтүндү. Ошондой эле ал Жерүйдү 300 миллион долларга аукционго коюнун максаты канчалык деңгээлде туура деген суроого кызыкты.

Сатыбалдиев башында эле башка баа коюну сунуштаганын айтты. "Сиз туура айтасыз, Кумтөр кени боюнча маселе чечиле элегинде башка кендер менен иштөө, аларды сатуу туура эмес. Бирок бул аргасыздан жасалган иш. Билсеңиз бизде бюджеттин тартыштыгы абдан чоң. Анын жабыш үчүн биз Талды-Булак Солжээк, Бозумчак, Иштамберды сыяктуу кендерди да иштетип баштообуз керек",- дейт өкмөт башчы.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224221

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.