Чет өлкөдө кыргызстандыктардын 72 коомдук бирикмеси бар

  20.05.13   15:59
 447

Чет өлкөдө кыргызстандыктардын 72 коомдук бирикмеси бар. Бул тууралуу бүгүн, 20-майда, өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев парламенттин эл аралык иштер боюнча комитетинин жыйынында 2012-жылдын жыйынтыгы боюнча өкмөттүн отчетун талкуулап жаткан маалда билдирди.

Министрлер кабинетинин башчысынын айтымында, Россияда эле кыргызстандык мекендештердин 50 бирикмеси бар, Казакстанда - 7, Бельгияда - 4, Германияда - 3, ал эми ошондой эле Түркия менен Украинада бирден.

"Биз бул өкүлчүлүктөр менен иштешүүнү күчөтүүгө ниеттенип жатабыз, алар келечекте биздин мигранттарга Кыргызстандагы мыйзамдардын өзгөрүшү тууралуу маалымат берүүдө жардам бермекчи, ошондой эле мекен чегинен тышкары жүргөн кыргызстандыктарга жардам беришет",- дейт Сатыбалдиев.

Ошондой эле өкмөт башчы тышкы саясат абдан чоң каржы талап кылаарын баса белгилеп өттү.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224222

 Комментарийлер:
#1 Nazgulia Tolobaeva
2013-05-24 16:05:36 Цитата / 0 / -

Окмот башчысы урматуу Жанторо Сатыбалдиевдин кабары Италия, АКШ, Араб Эмираты, Япония, Кытай дагы коптогон мамлекеттерде, ошол жашаган мамлекетинин мыйзамынын чегинде юридикалык катталган коптогон Кыргыз диаспоралары тузулгону тууралу кабары жоктугуна мен окунучтомун, бул дагы элчиликтердин жогунан же иштешпестиктен чыгып келген натыйжа.

" Чет олкодогу диаспоралары оз унун , пикирин, сунушун кандай жол менен Кыргызстандын башчыларына жеткизе алат? "-деген суроо бизди тынчзыздандырды.

 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.