Кыргызстанда дан эгиндерин айдап-себүү аяктап жатат

  20.05.13   16:19
 256

Республиканын дыйкандары дан эгиндерин айдоо өнөктүгүн ийгиликтүү аякташты. Бул тууралуу "ВБ"га Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин алдындагы айыл чарба өсүмдүктөрү департаментинин башчысы Аскарбек Сагынбаев билдирди.

Анын айтымында, жаздык буудай жалпы 262 миң гектарга себилди, бул алдын ала көрсөткүчтөрдүн 95%ын түзөт. Анын ичинде буудай үрөнү 138 миң гектар аянтка себилди, арпа айдоо боюнча план 102%га аткарылды жана бул иштер дагы да жүргүзүлүп жатат.

"Азыркы учурда айдап-себүү өнөктүгү алыскы тоолуу аймактарда жүргүзүлүп жатат. Өткөн жылга караганда айыл чарба өсүмдүктөрүн айдоо 20 күнгө эрте башталды",- дейт Сагынбаев.

Департамент башчысы мамлекет талаа жумуштарына 4,5 млрд сом насыя бөлүү менен татыктуу колдоо көрсөткөнүн белгилейт, анын 2 млрд сому учурда дыйкандардын колуна тийди.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224224

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.