Кыргызстандан жаш гольфчу Түркия турниринде коло байге алды

  20.05.13   16:08
 220

10 жаштагы кыргызстандык жаш гольфчу Жантай Малапаев Түркияда өткөн жаштар турниринде коло байгеге татыктуу болду. Бул тууралуу "ВБ"га Кыргызстандагы гольф федерациясынын өкүлү Андрей Мымрин маалымдады.

Анын айтымында, бул турнир Түркиянын Белек шаарында өткөрүлүп, анда 11 мамлекеттен келген 30 гольфчу ат салышкан. Малапаев үч оюн талаасын тең бирдей ишенимдүү өттү. Болгону финалдык оюнда толкундануу жана мындай мелдештерге катышуу тажрыйбасынын жоктугу ага тоскоол болду.

Кошумчалай кетсек, бул мелдешке улуу муундагы кыргызстандык спортчулар да катышкан, бирок алар байгесиз кайтышты.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224225

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.