Өкмөттүн жылдык отчетун парламенттик көпчүлүккө сунушташты

  20.05.13   16:48
 217

Бүгүн, 20-майда, парламенттин "Ырыс алды - ынтымак" коалициялык көпчүлүгүнүн мүчөлөрү 2012-жылдын ишинин жыйынтыгы боюнча өкмөттүн отчетун угууда.

Коалициянын башчысы Феликс Кулов бүтүндөй отчетту угуунун зарылчылыгы жок экенинин, анткени депутаттар алар менен профилдик комитеттердин жыйындарында таанышып чыкканын жана суроолорун бергенин билдирди. Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев отчеттук мезгилде дүң продукциянын өсүшүн камсыз кыла алышпаганын айтты.

Социал-демократ Алла Измалкова "министрлер кабинетинин жакшы иштеп жатканынын көрсөткүчүн катардагы Кыргызстандыктардын кирешесинин өсүшүнөн көрүүгө болот",- деп билдирди. Премьер-министр анын айткандарына кошулду жана мунун үстүндө иштөө керек экенин кошумчалады.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224227

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.