Бишкектин борборун маршруткалардан бошотууну кайрадан сунуш кылышты

  20.05.13   16:41
 253

Бүгүн, 20-майда, турак-жай-коммуналдык чарба боюнча Бишкек шаардык кеңештин туруктуу комиссиясынын жыйыны болуп өттү. Комиссия шаар ичиндеги пассажирдик маршруттарды бөлүштүрүү маселесин карады.

КСДПнин депутаты Эльвира Сариева маршруттук такси кызматын көрсөтүп жаткан компаниялар арасында ачык конкурстун жаңы системасын киргизүүнү сунуштады. Эске салсак, бул маселе Бишкек шаардык кеңештин мурунку сессиясында да каралып, бирок депутаттар бир чечимге келе алышкан жок. Маселе айдын соңунда боло турган келерки сессияга жылдырылган.

"Муниципалдык аткаруучу органдын берген маалыматына ылайык, коомдук транспорттун кубаттуулугу жетишсиз. Автобус менен троллейбустардын аздыгына байланыштуу, маршруттук таксилердин кызматына муктаж болуп келебиз, - дейт Сариева. – Бирок, борбордо 450 автобус бар. Алардын 160-170и гана ишке чыгып, калгандары жөн эле турушат. Ушул жылдын август айында ЕРӨБ багыты боюнча дагы 79 троллейбустун келиши күтүлүүдө. Демек муниципалдык транспорт жетиштүү. Ал эми маршруттук таксилерди шаардан тышкары чыгаруу зарыл".

Анын пикири боюнча маселенин бардыгы шаардын туура логистикасынын жоктугунда жатат. Маршруттук такси көйгөйүн комплекстүү кароо керек. Көпчүлүк учурда кыйынчылык транспорттун жетишсиздигине такалат деп эсептелинет. Тажрыйба көрсөткөндөй бул жол чырактардын иштешине, жол эрежелерин билбегендерге жана туура эмес чийилип калган жол сызыктарына да байланыштуу болот.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224228

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.