Сатыбалдиевге мигранттар которгон акча менен сыймыктанбаш керек экенин айтышты

  20.05.13   16:55
 315

"Сиздер бюджетке эмгек мигранттарынан каражаттар түшүп жатканын жакшы фактор деп кантип айтып жатасыздар?",- деп сурады "Ар-Намыс" фракциясынан депутат Дастан Бекешев бүгүн, 20-майда, парламенттин "Ырыс алды - ынтымак" коалициялык көпчүлүгүнүн жыйынында өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиевден.

Бекешевдин айтымында, өкмөттүн бюджетин эмгек мигранттарынын эсебинен толтурулуп жатканын оң фактор деп атаганы туура эмес. "Иш жүзүндө мамлекет аларды алыска иштөөгө жана өз үй-бүлөлөрүнө каражат салууга аргасыз кылды. Ал эми силер бул каражаттарды эсепке алып жатасыздар. Мындай акчаны жакшы же сиздердин жакшы иштеп жатканыңар деп айтпагыла. Муну менен сыймыктануунун эч кереги жок",- дейт Бекешев.

Сатыбалдиев чындыгында бул ката экенин айтып, анын сөзүнө макул болду.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224229

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.