"Республикачылар" кургак учукка каршы күрөшүү жолдорун Ошто талкуулайт

  20.05.13   16:58
 304

Ушул жылдын үч айында Кыргызстанда кургак учук менен ооруп, расмий каттоого алынган адамдардын саны 1 324 болду. Мындай маалыматты Улуттук фтизиатрия борбору билдирди.

Борбордун эсеби боюнча 2010-жылдан бери бул өтө коркунучтуу жугуштуу дарт менен жылына 6 миңге жакын адам ооруп, дарыланат. Дарылоо үчүн жылына мамлекеттик бюджеттен 13 миллион сомго жакын каражат бөлүнгөнү менен бейтаптардын саны жылына 5 миңден азайган жери жок. Андан тышкары 2004-жылдан бери бул социалдык көйгөй болгон оорунун алдын-алуу үчүн кургак учук, безгек жана СПИД менен күрөшүү боюнча Глобалдык Фонд түздөн-түз фтизиатрия борборуна 9 миллион доллардан ашык каражат берген менен калктын кургак учук тууралуу маалыматы дагы эле төмөн болуп, ачык формадагы кургак учук менен ооруган адамдар бала бакчаларда да иштеген учурлар көбөйүүдө. Эл көп чогулган жерлерде, базарларда, мектептерде, жогорку окуу жайларда, жаза өтөөчү жайларда кургак учук менен ооругандарды аныктап, дарылоо жана дарыланып чыккан адамдарды каттоого алып, алардан дени сак адамдарды коргоо боюнча мыйзамдык талаптарды аткаруу көз жаздымда калууда.

Жогорку Кеңештин "Республика" фракциясы мындай көрүнүштөрдү азайтуу жана алдын - алуунун кандай чаралары зарыл экендигин элдин жана тиешелүү саламаттык сактоо мекемелеринин өкүлдөрү менен бирге талкуулоо үчүн кезектеги отурумун 2013-жылдын 24 - майында Ош шаарындагы "Ош Нуру" мейманканасында өткөрөт. Талкууда айтылган сунуш - пикирлердин негизинде тиешелүү мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилет. Калктын саламаттыгына терс таасир берген көрүнүштөрдү элдин өкүлдөрүнүн өзүнөн угуу үчүн отурумга кургак учук боюнча Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтарындагы борборлордун жетекчилери, бейөкмөт уюмдардын жана жергиликтүү массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү чакырылды.

"Республика" фракциясы Жогорку Кеңештин тарыхында алгач ирет өткөрө турган көчмө отурумун уюштурууга АКШнын ЮСАИД агенттиги Жогорку Кеңешти өнүктүрүү Стратегиясынын алкагында жардам берүүдө.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224230

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.