"Андаш" компаниясы кендин жаңы техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыкты

  20.05.13   17:04
 283

Бүгүн, 20-майда, өткөн Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы боюнча комитетинин кезектеги жыйынында Жогорку Кеңештин 2011-жылдын 24-июнундагы Андаш алтын-жез кени чыккан жер жөнүндө токтомунун аткарылышы боюнча Талас районундагы Айдаралиев айылдык кеңешинин төрагасы менен Айдаралиев айыл өкмөтүнүн башчысынын кайрылуусу каралды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлайт

Геология жана минералдык ресурстар агенттигинин директору Ишимбай Чунуевдин берген маалыматына караганда, Андаш кенинде 20 тонна алтын, андан сырткары жез аралашмасы бар. Кенди "Андаш Майнинг Компани" ишканасы иштетет. Кайрылуу ээлери компаниядан Андаш кенин иштетүү лицензиясын кайтарып алуу жана ага бөлүнгөн жер келишимин жокко чыгаруу маселесин койгон.

Мыйзамга ылайык, лицензияны алып коюуга болбойт. Эгер компания сотко берсе, КР Өкмөтү чалгындоо иштерин жүргүзүү чыгымдары үчүн 42 млн доллар, колдон чыккан пайдасы үчүн 281 млн доллар төлөп берүүгө тийиш. Ушу тапта кен иштетүү иштери токтоп турат. Бирок, компания кенди иштетүүнүн жаңы техникалык-экономикалык негиздемеси иштелип чыгып, ал көз карандысыз экспертизадан өткөрүлдү.

Айдаралиев айыл өкмөтүнүн башчысы зыяндуулугунан улам, элдин басымдуу бөлүгү Андаш кенин иштетүүгө каршы экенин билдирди. Анын айтымында, азыр айыл өкмөтүнүн социалдык багыттагы чыгымдарын жабуу үчүн 1 млн 300 миң сом зарыл.

Ал эми экономика министри Темир Сариев Андаш кенин иштетүүдөн айыл тургундарынын табаар пайдасын санап берүү менен, 7 жылга эсептелген бул долбоордон кыргыз тарап жалпы жонунан 870 млн доллар каражаттан айрыла турганын баса белгиледи.

Жыйынтыгында каржы министрлигине Талас районундагы Айдаралиев айыл өкмөтү сураган каражатты он күн аралыгында издеп табуу тапшырмасы берилди.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224231

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.