Премьер-министр аэронавигациялык секинин маанилүүлүгүн белгиледи

  20.05.13   17:12
 236

Бүгүн, 20-майда Жогорку Кеңештин эл аралык иштер боюнча комитетинин жыйынында өкмөттүн 2012-жылга карата отчетун талкуулап жаткан учурда "Республика" фракциясынан депутат Максат Сабиров парламенттин сын-пикирлерине өкмөт көңүл бурбай жаткандыгын айтып нааразы пикирин билдирди.

"Биз "Манас" аэропортуна аэронавигациялык секинин курулушу тууралуу маселени бир нече жолу көтөрдүк. Бул - силер көңүл бурбай жаткан эл аралык афера. Бизге кереги жок болсо дагы алар 25 метр секини курганга камданып жатышат. Муну парламентте дагы көтөрүп чыкканбыз, бирок өкмөт жактан эч кандай көңүл бурулган жок", - деди Сабиров.

Буга жооп катары премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев, аэронавигациялык секинин Кыргызстан үчүн кереги бар экендигин, ошол себептен аны куруп жаткандыктарын белгиледи.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224232

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.