Сатыбалдиев 2013-жылы ИДӨнүн төмөндөө мүмкүндүгүн жокко чыгарды

  21.05.13   07:55
 272

"2013-жылдын жыйынтыгы менен Кыргызстандагы Ички дүң өндүрүмдүн (ИДӨ) деңгээли төмөндөбөйт",- деп билдирди кечээ, 20-майда, парламенттин "Ырыс алды - ынтымак" коалициялык көпчүлүгүнүн жыйынында өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев.

Жыйында депутаттар 2012-жылдагы өкмөттүн отчетун угуп жатышат.

Өкмөт башчынын айтымында, "Кумтор оперейтинг компанинин" жетекчилиги менен сүйлөшүүдө жетишкендиктердин бири - компаниянын бүгүнкү күндө үзгүлтүксүз иштеп жатышы. ""Кумтөр" иштебей калган бир да күн болгон жок. Жыл башынан бери биз ИДӨнүн 8,2%га өсүшү менен келе жатабыз. Мен өткөн жылдагыдай төмөндөө болбойт деп ойлойм",- дейт Сатыбалдиев.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224233

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.