Премьер-министр: Капиталдык курулуштун 141 объектисинин 25и Баткен областында

  21.05.13   07:56
 232

"Капиталдык курулуштардын 141 объектисинин ичинен 25и Баткен областында курулуп жатат",- деп билдирди кечээ, 20-майда, парламенттин "Ырыс алды - ынтымак" коалициялык көпчүлүгүнүн жыйынында өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев.

Жыйындын жүрүшүндө КСДП фракциясынан Жусупали Исаев "республиканын чегара райондорунда эч нерсе курула электигин, бирок мыйзам боюнча ал жактарга объектилер салынышы керектигин" белгилеп өттү.

Сатыбалдиевдин айтымында, капиталдык курулуштун тизмесине кирген 141 объектинин 25и Баткен областында жайгашмакчы. "Бул максатта 249 млн сом каржыланып жатат. Мындан ары да бул объектилер каржылана бермекчи. Жолдор салынууда. Ошондуктан мен сиздерди эч нерсе жасалбай жатат деген позицияңыздарга макул эмесмин",- деп түшүндүрдү өкмөт башчы.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224234

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.