Өкмөт бардык аймактарды таза суу менен камсыз кыла албайт

  20.05.13   17:47
 300

"Бардык аймактарды таза суу менен камсыз кылууга учурда биздин шартыбыз жок". Мындай пикирин бүгүн, 20-майда "Ырыс алды ынтымак" көпчүлүк коалициясынын жыйынында премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев билдирди.

Эскерте кетсек, жыйында башкаруу коалициясынын депутаттары өкмөттүн 2012-жылга карата отчетун угушту.

"Ата Мекен" фракциясынан депутат Гуласал Садырбаеванын айтымында, түштүк аймагындагы айылдардын биринин тургундары таза суунун чакасын 3 сомдон сатып алышат. Эл өкүлү аймактарды таза суу менен камсыз кылуу зарылдыгын белгиледи.

Өз кезегинде Сатыбалдиев республикада таза суу маселеси эң курч көйгөй экендигин атып өттү. "Бирок маселени чечүү үчүн жергиликтүү тургундар дагы жардам берүүсү керек. Учурда бардыгын таза суу менен камсыз кылууга бизде мүмкүнчүлүк жок", - деди ал.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224236

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.