Көпчүлүк коалициясы өкмөттүн 2012-жылга болгон отчётун колдоду

  20.05.13   18:18
 258

Бүгүн, 20-майда "Ырыс алды ынтымак" көпчүлүк коалициясынын жыйынында депутаттар өкмөттүн 2012-жылга болгон отчётун колдоду.

"Ата Мекен" фракциясынан депутат Эркин Алымбеков, парламентке өкмөт толук курамы менен келип, көпчүлүк коалициясына бардык маселелер боюнча отчёт бергендигин айтты.

"Көп депутаттар суроо бергенге жетишпей калышты, бирок алар бейшемби күнү жалпы жыйында суроолоруна жооп алышат. Министрлер кабинетинин ишинде кемчиликтер дагы жок эмес. Бирок ага бир гана чиновниктер эмес, биз дагы күнөөлүбүз. Анткени бул маселени профилдик комитеттерде кароону создуктуруп жибердик", - деди Алымбеков.

Ошондой эле ал, өкмөт парламенттин жалпы жыйынына дагы даярданышы керек экендигин айтты. Депутат коомчулукта Кумтөргө байланыштуу ар кандай нааразы пикирлер жаралап жаткандыгын баса белгиледи. "Бул өкмөт үчүн татаал маселени жаратышы мүмкүн", - деди Алымбеков

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224238

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.