Бишкектин айрым райондорунда жана Чүйдүн айылдарында жарык өчөт

  20.05.13   18:29
 236

Эртең, 21-майда Бишкекте 9-00дөн 17-00гө чейин борбордогу жана Чүй облусундагы электр энергиянын убактылуу өчүрүлүшүнүн себептери трансформатордук көмөкчордондорду техникалык тейлөөдөн өткөрүп, аба электр берүү чубалгыларынын зымдарын тарттырып, бүлүнгөн изоляторлорду алмаштырып, өсүп кеткен бак-бутактарды тазалоо иштерине байланыштуу. Бул тууралуу "Түндүкэлектр" ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, борбордогу 7-кичи райондогу № 34, 5 "Б" көп кабаттуу үйлөрдө саат 9-00дөн 17-00гө чейин, Кемин районуна караштуу Ак-Түз айылынын чыгыш тарабында, Төрт-Күл айылындагы(Центральная көчөсүндө), Жайыл районуна караштуу Ири-Суу айылындагы (Центральная көчөсүндө), Жайыл айылындагы (Центральная көчөсүндө)Кара-Балта шаарынын бир бөлүктөрүндө (№5 орто мектептин районунда, Гвардейская көчөсүндө) саат 13-00дөн 17-00гө чейин электр энергиясы үзгүлтүккө учурайт.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224239

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.