Волейбол: Казакстанда өткөн турнирде Кыргызстандын ардагерлер курамасы 5-болушту

  20.05.13   18:50
 299

Казакстанда Олжас Сулейменовдун байгеси үчүн волейбол боюнча өткөн турнирде Кыргызстандын ардагерлер курамасы 5-болушту. Бул тууралуу Кыргызстандын футбол федерациясынан билдиришти.

Алдын ала раундда 11 командадан турган катышуучулар 3 кичи топко бөлүнгөн. Кыргызстандыктар "Ардагер" (Шымкент), "Алмалы" (Алматы) жана "Есиль" (Петропавловск) командалары менен С тобуна кирген. Бардык 3 мачта кыргызстандыктар 2:0 эсеби менен жарым финалга чыгышкан.

Жарым финалдык оюндан кыргызстандыктар "Жетысу" командасынан 0:2 эсебинде утулушту. Андан соң "Сары-Арка" командасы менен таймашып жеңилип калышты.

Жыйытыгында "Ардагер" 5-орунду ээледи.Турнирде "КазНАУ" командасы жеңип чыкты.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224240

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.