Ош облусунда аял жаңы төрөлгөн баласын 50 миң сомго саткан

  21.05.13   08:52
 287

Ош облусунда жаңы төрөлгөн баласын энеси 50 миң сомго саткан. Бул тууралуу "ВБ"га ИИМден кабарлашты. Алардын маалыматы боюнча, эркек бала райондук төрөтканада май айында төрөлгөн.

Белгилүү болгондой, 38 жаштагы эне баласын сатуу турасында сүйлөшүүлөрдү төрөтканада эле баштаган. Сатып алуучу дагы Ош облусунун 49 жаштагы тургуну болчу. Абийирсиз эне баласын төрөтканадан чыгаар замат саткан. Ымыркайды 50 миң сомго баалашкан", - дешет ИИМден.

Эне муну менен чектелип калбастан, дагы эки сатып алуучулар менен келишим түзө койгон. Аларга 30 миң жана 9 миң деген бааларды айткан, деп кошумчалады ИИМ.

"Азыр бала биринчи сатып алган аялдын колунда. Анын тагдырын балдардын иши боюнча комитет чечет. Энеси качып жүрөт. Анын бул баладын тышкары дагы беш баласы бар экендиги белгилүү болду. Кара-Суу РИИБнин тергөө бөлүмү 3 кылмыш ишин ачты: экөө - алдамчылык фактысы боюнча, дагы бирөө - "Адам сатуу" беренеси боюнча", - деп баса белгилешти укук коргоо органдары.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224243

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.