Премьер жана КЭРдин элчиси ШКУнун кезектеги жыйынын талкуулашты

  21.05.13   09:30
 255

Кечээ, 20-майда премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев жана Кытай Эл Республикасынын жаңы дайындалган толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Ци Даюй эки өлкөнүн кызматташтыгын талкууга алышты. Бул тууралуу өкмөттүн маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Жолугушуу учурунда эки мамлекеттин соода-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташуусу туруктуу өнүгүп келе жаткандыгы баса белгиленди.Премьер-министр жана элчи бардык тармактар боюнча кызматташууну бекемдөө маанилүүлүгүн айтышты.

Сатыбалдиев августта Бишкекте өтүүчү Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин жыйынына Кытай Эл Республикасынын төрагасынын келип катышуусу Кыргызстан үчүн өтө маанилүү экендинин белгиледи.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224244

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.