Арак жана тамекиге "Манастагы" ысымдарды ыйгарууга тыюу салууну сунушташууда

  21.05.13   09:42
 381

Кечээ, 20-майда Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков "Манас-Мурас" коомдук фондунун жетекчиси Баткен Шерниязов, фонддун аткаруу кеңешинин төрагасы Рысбай Исаков баштаган манасчылар тобу менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.

Асылбек Жээнбеков "Манас" эпосунун кыргыз эли үчүн баалуу, барктуу рухий дөөлөт экендигине токтолуп, "Манас-Мурас" коомдук фондунун демилгеси менен болуп өткөн эки күндүк манасчылык өнөр боюнча эл аралык фестивалдын маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Жолугушууда "Манас" айтуу өнөрү, эпостун дүйнөлүк рухий дөөлөт катары сакталышы, манасчыларга мамлекет тарабынан колдоо көрсөтүү, жаштарга тарбия-таалим берүдө жана элдик каада-салтты жайылтууда "Манас" эпосунун, аны айтуучулардын ролу тууралуу пикир алышуу болду.

Баткен Шерниязов түзүлгөнүнө 10 жыл болгон фонддун ишмердүүлүгү жана фестиваль тууралуу маалымат берип, ага Кытайдын Кызыл-Суу районунан жана Казакстандан манасчылар катышкандыгын айтты.

Манасчы Базарбай Сөлпиев улуу эпостун мындан ары да муундан муунга сакталып калышына бир катар шарттар зарылдыгын белгилеп, өтүнүчтөрүн билдирди. Мисалга, Манасчылар ордосун түзүү, улуу эпосту жайылтуу максатында оозеки чыгармачылыкты өнүктүрүү боюнча бала бакчалардын, мектептердин окутуу программаларына киргизүү, "Манас" үчилтигине тиешелүү аталыштарга аяр мамиле жасоо, тактап айтканда ичимдиктерге, тамекилерге алардын атын ыйгарбоо боюнча тиешелүү ченемдик укуктук актылардын кабыл алыныш зарылдыгын айтты.

Ошондой эле Жээнбеков "Манас-Мурас" фондусунун эки ай "Манас" айтуу демилгесин колдоо максатында Жогорку Кеңештин төрагасынын фондусунан бул иш-чарага материалдык жардам көрсөтүлө тургандыгын билдирди.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224246

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.