Өкмөт башчы бир күндө эки жолу карызга жашоодон уялбаш керегин айтты

  21.05.13   09:40
 308

"Биз карызга жашоодон уялбашыбыз керек",- деп билдирди кечээ, 20-майда парламенттин коалициялык көпчүлүгүнүн жыйынында өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев.

Жыйында депутаттар 2012-жылдагы өкмөттүн отчетун угушту.

"Ата Мекен" фракциясынан депутат Ташполот Балтабаев өкмөт өткөн жылга салыштырганда канчалык натыйжалуу иштегенине кызыкты.

Сатыбалдиев так цифралар жок экенин, бирок пайыздык катышта алганда өкмөттүн ишинин натыйжалуулугунун төмөн пайызы байкалып жатканын айтты.

Балтабаев ошондой эле өкмөт башчынын пикиринде Кыргызстан качан карызга жашоосун токтотот деген суроого да кызыкдар болду. "Биз карызга жашагандан уялбашыбыз керек. Бүт дүйнө карызга жашап жатат. Тышкы карыз Ички дүң өндүрүмүнө барабар болгон өнүккөн өлкөлөр бар. Ушул баскычта биз ыңгайлуу шарттар менен насыя алып аны өнүгүүгө жумшоого тийишпиз",- деп белгиледи Сатыбалдиев.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224247

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.