Samsung Ысык-Көлгө 28 чакан ГЭС курууга кызыкдар

  21.05.13   10:11
 312

Samsung Electronics компаниясы Ысык-Көлдүн жээгине 28 чакан ГЭСти курууга кызыкдар болууда. Бул тууралуу Кыргызстандагы Samil-PricewaterhouseCoopers (Samil PWC) консалтинг жана аудит компаниясынын эл аралык бөлүмүнүн консультанты Нурбек Жоробек уулу маалымдады. Samsung Electronics компаниясы PWC компаниясынын кардарларынын бири.

Белгилей кетсек, Samil-PricewaterhouseCoopers Кыргызстандагы өзүнүн өкүлчүлүгүн 2013-жылы февраль айында ачкан, анын башында компаниянын Борбор Азия боюнча өкүлчүлүгүн директору Ли Джонг Чоль турат.

"Азыр биздин компаниянын Кыргызстан боюнча ГЭС куруу тууралуу 200дөн ашуун долбоору бар. Негизинен Samsung компаниясы Ысык-Көлдүн айланасына 28 чакан ГЭС куруу жагына кызыгып жатат",- дейт Жоробек уулу.

"Учурда улуттук масштабдагы келечектүү долбоорлордун тизмеси иштелип чыккан КРдеги Стратегиялык изилдөөлөр боюнча улуттук институт менен тыгыз кызматташып жатабыз. Биз аларга энергетика менен транспорт тармагында кызматташуу каалообузду билдирдик. Ошондой эле биздин өзүбүздүн жеке долбоорлорубуз да бар, аларды өзүбүз каржылоого даярбыз, Азыр бизге эң керектүүсү- бул өкмөттүн, областтардын жана жергиликтүү кеңештердин каалоосу",- дейт консультант.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224250

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.