Мигранттарга чет өлкөдө анклавдарды түзүүгө жардам берүүнү өкмөткө сунушташты

  21.05.13   10:51
 327

Кечээ, 20-майда, парламенттин эл аралык иштер боюнча комитетинин жыйынында КСДП фракциясынан депутат Бахтияр Кадыров дүйнөнүн көп өлкөлөрү алардын мигранттары барган өлкөсүнө жакшы отурукташуусу боюнча саясат жүргүзөөрүн айтты.

Анын айтымында, көпчүлүк мамлекеттер алардын чет өлкөлөргө миграция болгон атууларды ал жактарга анклавдарды, коомчулуктарды түзгөнүн колдошот. Ал тургай каза болгон адамдарды чет өлкөгө көмүшөт.

"Биздин жарандарга алар миграция болуп барган өлкөсүндө отурукташып калышы үчүн колдоо көрсөтүш керек. Эмне үчүн биздин өкмөттүн мындай саясаты жок? Анда жүк-200дүн дагы зарылчылыгы жок болуп калат",- дейт депутат.

Сатыбалдиев өз кезегинде маселе актуалдуу экенин айтты. "Жүк-200дөн кыргыздар эч качан баш тартпайт. Биз Эмгек жана миграция министрлиги менен биргеликте жарандарды миграциялык даярдоо боюнча программаны даярдап жатабыз. Биздин мигранттар отурукташып, жайгашып жатышат. Красноярскиде кыргыз мектеп бар, милициянын начальниги кыргыз",- дейт өкмөт башчы.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224256

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.