Бир күндүк кирешеси жарым миллион сомго жеткен жашыруун казино аныкталды

  21.05.13   10:48
 442

Казинонун кардарлдарынын арасында ШИИБнин мурунку кызматкери (ал мөөнөтү 2004-жылы бүткөн күбөлүгүн көрсөтүүгө жетишкен) жана КРдин премьер-министринин мурунку кеңешчиси Медер Султанов болгон. Казиного кирүүсүнө тыюу салынып, "кара тизмекке" киргендердин катарында атактуу бильярдчы Каныбек Сагынбаевдин фамилиясы бар.

МУККнин Антикоррупциялык кызматы генпрокуратуранын кызматкерлери менен биргеликте Бишкек шаарындагы Сүйөркулов (Мурунку Донецкий) көчөсүндө жашыруун иштеп жаткан казинону аныкташкан. Операция жүргүзүлүп жаткан маалда казинодо 100 чукул мейман табылып күнүмдүк акча айландыруусу жарым миллион сомго жетээри белгилүү болгон. Атайын операция МУККнин "Альфа" атайын бөлүмдүн колдоосу менен өткөрүлгөн.

Имаратты тинтүү учурунда оюн карталары жана фишкалар чоң өлчөмдө табылган. Ошондой эле карызга алуу распискалары жана балдары менен күйөлөрүн казиного киргизбөөнү өтүнгөн аялдардын арыздары бар экен.

Кумар кананын залында көп сандагы жаш кыздар жүрүшкөн. Алардын бардыгы бильярд ойногонго келишкендигин бир ооздон айтышты. Бирок мындай мекемелерге көчөдөн келген киши кире албайт. Ар бир оюнчунун өзүнө тиешелүү идентификациялык карталары бар. Андан тышкары, имараттын сырткы периметринен казинонун коопсуздук кызматкерлери кайтарууга алышкан.

Залда болгондордун бардыгы алгачкы сурактан өтүшүп, жанында документтери жок болгондор приемник-распределительге жөнөтүлдү. Казинонун жоопту кызматкерлери МУККга жеткирилди. Учурда иликтөө органдары мекеменин ээсин аныктап жатышат.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224257

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.