Ысык-Көлдө адам өлтүрүү фактысы күч алды

  21.05.13   11:03
 271

Ысык-Көл облусунда адам өлтүрүү фактысы күч алды. Бул тууралуу бүгүн, 21-майда өткөн маалымат жыйынында Ички иштер министринин орун басары Бактыбек Жусубалиев билдирди.

Анын айтымында, оор жана өзгөчө кылмыш иштеринин бетин ачуу үчүн ИИМ болгон күч аракетин жумшоодо. 2013-жылдын 4 айында бул багытта 537 факт катталып, алардын 197си өзгөчө жана оор кылмыш иши экендиги аныкталган. Отчёт берүү учурунда адам өлтүрүү жана кол салуу фактылары 125тен 82ге чейин азайган. Бети ачылган кылмыш иштери 87,9%ы түзгөн. Бирок Ысык-Көл облусунда адам өлтүрүү фактысынын күч алуусу байкалууда.

"Дайынсыз жоголгондордун көбүнүн жансыз денеси гана табылат. 2013-жылы 924 жоголгон адам каттого алынып, учурда алар издөөдө. 2012-жылы жоголгондордун саны 922ге жеткен", - дейт Жусубалиев.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224258

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.