Сатыбалдиев бийликти борборлоштуруу менен күрөш жүрүп жатканын айтты

  21.05.13   11:04
 298

"Өкмөттө абдан эле бийликти борборлоштуруу байкалып жатат",- деп билдирди кечээ, 20-майда өткөн парламенттин коалициялык көпчүлүгүнүн жыйынында өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев.

Эскерет кетсек, кечээки жыйында депутаттар 2012-жыл үчүн өкмөттүн отчетун угушту.

Өкмөт башчынын айтымында, мындай жагдайды оңдош үчүн ал ыйгарым укуктардын бир бөлүгүн ведомстволорго кайтарып берүүнү баштаган.

Бирок КСДП фракциясынан депутат Дамира Ниязалиева Жумгал районунун жашоочулары Нарын областынын башчысы кызматынан кеткен үчүн нааразылык акциясына чыгууга даяр экендиктерин айтып жатышканын белгиледи. "Эмне үчүн сиз Нарын областынын башчысын кызматтан кетирдиңиз? Сиз муну КСДП фракциясынын чечимине таяндым деп туруп аткардыңыз",- дейт ал.

Өкмөт башчы Нарын областынын башчысын кызматтан кетирбегенинин айтты. Ал эки апта мурда отчет берген, ошондон бери көрө элекмин. Ооба, анын ишинде кемчиликтер бар, бирок олуттуу деле дооматтарыбыз жок. Аны чакырыңыз, биз баарын териштиребиз",- деди Сатыбалдиев.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224259

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.