Жусубалиев: 9 жашар кыздын өлүмү боюнча милиция начар иш алып барган

  21.05.13   11:22
 288

"9 жашар кыздын өлүмү боюнча милиция начар иш алып барган жана биз аны мойнубузга алабыз". Мындай пикирин бүгүн, 21-майда өткөн маалымат жыйынында Ички иштер министринин орун басары Бактыбек Жусубалиев билдирди.

Анын айтымында, кылмышты иликтөө улантылууда.

"Лидия Видясованын өлүмү боюнча чоң ыкчам иликтөө иши жүргүзүлгөн, бирок тилекке каршы кылмышкер кеч колго түшүрүлдү. Ыкчам иликтөө иштери максатка ылайыктуу жүргүзүлбөй калгандыгын биз мойнубузга алабыз", - деди Жусубалиев.

Эскерте кетсек, 9 жашар Лидия Видясова 5-майда дайынсыз жоголгон. Акыркы жолу аны үйүнүн жанынан бейтааныш эркек адам менен көрүшкөн. Кызды издөө үчүн Биринчи Май райондук ИИБнын бардык жеке курамы тартылган.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224261

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.