Шамбесайда көз карандысыз экологиялык экспертиза жүргүзүшөт

  21.05.13   11:25
 350

Австралиянын Manas Resources Limited геологиялык чалгындоо компаниясы Баткен областындагы Шамбесай кенин иштетүүгө кызыкдар. Аталган компания учурда көз карандысыз экологиялык экспертиза жүргүзүүнү баштады. Бул тууралуу бүгүн, 21-майда "ВБ"га компаниянын басма сөз кызматынын кабарлашты.

Маалыматка таянсак, КРдин Улуттук илимдер академиясынын жана "ЭкоПартнер" компаниясынын көз карандысыз эксперттери эки ай бою изилдөө иштерин жүргүзөт. Адистер суу, топурак, фауна жана флораны, шумдун деңгээлин, вибрацияны, радиацияны жана башка параметрлерди изилдеп чыгышмакчы.

Экспертизага адистерден тышкары айыл өкмөттөрүнүн башчылары жана жергиликтүү кеңештин депутаттары жергиликтүү коомдун өкүлдөрү катары катышат.

Белгилей кетсек, Manas Resources Шамбесайды иштетиш үчүн 2012-жылы декабрда лицензия алган. Өткөн жылдын август айында Кенчтер боюнча мамлекеттик комиссия кендин техникалык-экономикалык негиздемесин бекиткен.

Шамбесай кениндеги алтындын жалпы көлөмү 8,8 тоннаны түзөт. Кенди иштетүү мөөнөтү 5-6 жыл деп эсептелип жатат. Ушул күнгө чейин Manas Resources чалгындоо иштерине 20 млн доллар жумшаган жана кошумча 35 миллион доллар тартып келүүнү пландоодо.

Шамбесай кени иштетиле турган болсо жергиликтүү бюджет менен өлкө бюджетине 2,5 млрд сом салык түрүндө түшөт деп болжолдонуп жатат.

Manas Resources компаниясынын акциялары Австралиянын фондулук биржасында котировкаланган.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224262

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.