"Росагромаш" "Айыл-Агро-2013" көргөзмөсүнүн башкы катышуучуларын атады

  21.05.13   11:33
 286

Россиянын алдыңкы айыл чарба техникаларын чыгарган компаниялары 22-майдан 24-майга чейин Бишкекте "Айыл-Агро-2013" эл аралык көргөзмөсүнө катышат. Көргөзмөнү КРдин өкмөтү менен Россиянын "Росагромаш" айыл чарба техникаларын өндүрүшчүлөр ассоциациясы уюштуруп жатат.

"Росагромаштан" маалымдашкандай, Бишкектеги көргөзмөгө "Ростсельмаш" комбайн заводу (Ростов-на-Дону), "Агросельмаш" (Бежецк, Тверская обл.), "Мельинвест" (Нижний Новгород), "Кузембетьевский РМЗ" (Татарстан республикасы), "В. М. Рязанов атындагы Белагромаш-Сервис" (Белгород), "Евротехника" жабык акционердик коому (Самара), "Сельмаш" жоопкерчилиги чектелген коому (Сызрань, Самарская область) жана башкалар катышат.

Көргөзмөнүн уюштуруучулары дүйнөнүн 20дан ашык мамлекетинен, анын ичинде АКШ, Германия, Кытай, Түркия, Польша, Италия, Беларуссиядан делегациялар келет деп күтүп жатат. "Айыл-Агро-2013" көргөзмөсүнө Кыргызстандан жана коңшу мамлекеттерден 6 миңге чукул адам келет деп болжолдонууда.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224264

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.