ЖАМКнын кызматкерлеринин кесипкөйлүгүн жогорулатышат

  21.05.13   12:26
 261

Бүгүн, 21-майда Өкмөтүнүн алдындагы Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) жаза-аткаруу кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу жана даярдоо боюнча окуу борборунда окуу модулдары тапшырылды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Окуу модулдары Европа Биримдигинин жана Бириккен улуттар уюмунун (БУУ) баңгизат жана кылмыштуулук боюнча "Кыргыз Республикасындагы пенитенциардык тутумду колдоо" долбоорунун алкагында ЖАМКнын 2011-2015-жылдарга түзгөн окуу планына ылайык иштелип чыккан.

Окуу модулдары эл аралык эксперт-профессор, британиялык Шейн Брайанстын жана түркиялык Томрис Атабайдын жетекчилиги алдында ЖАМКнын кызматкерлеринин тыгыз кызматташуусу аркылуу түзүп чыгышкан. "Европа Биримдиги менен БУУнун баңгизат жана кылмыштуулук боюнча долбоорунун колдоосу алдында иштелип чыккан окуу модулдары ЖАМК окуу борборундагы билим берүүнүн сапатын жана методикасын жакшыртууга мүмкүндүк берет, бул акырында, республиканын кылмыш-жаза аткаруу кызматкерлеринин билимин жакшыртууга таасир берет",- деп белгиледи аталган иш-чарада ЖАМКнын төрагасынын орун басары Калмурат Байтолоев.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224270

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.