"Айыл-Агро-2013" көргөзмөсүнө техникаларды алып келип жатышат

  21.05.13   12:44
 300

Бишкекте "Айыл-Агро-2013" көргөзмөсүнө павильондорду куруу жана техникаларды алып келүү иштери башталды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.

"22-майдан 24-майга чейин өткөрүлө турган "Айыл-агро 2013" эл аралык агро өнөр жай көргөзмөсүнө коюла турган техникаларды алып келүү жана павильондорду монтаждоо иштери башталды",- деп айтылат маалыматта.

Аянты 2 миң чарчы метр жерди ээлеген көргөзмөгө 6 мамлекеттин 25 компаниясы өз продукцияларын сунуш кылмакчы. Трактор, комбайн, себүүчү техникалардан тышкары айыл чарба продукцияларын кайра иштете турган алдыңкы техникалар көргөзмөгө коюлат.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224272

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.