Оштун мэри кадр алмаштырды

  21.05.13   13:02
 314

Бүгүн, 21-майда Ош шаарынын мэри Мелисбек Мырзакматов кеңейтилген жыйында жаңы жетекчилерди сунуштады. Бул тууралуу түштүк борбордун мэриясынын коомчулук менен байланышуу бөлүмү кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, Ош РЭСинин жаңы начальниги болуп Данияр Сыдыков, №4 Ак-Тилек айыл кеңешинин төрагасы болуп Жыргал Жээнбеков, Ош салык кызматынын начальниги болуп Жолборсбек Бакиров дайындалды.

Ошондой эле Мамлекеттик салык кызматынын (МСК) төрагасынын буйругу менен МСКнын түштүк башкармалыгынын башчысы болуп Жылдызбек Турганбаев кызматка келди. Ош аэропортунун башчылыгына Абдинаби Алиев бекитилди.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224274

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.