КТРКнын берүүлөрүндө саясий теңдик сакталбай тургандыгын айтып сынга алышты

  21.05.13   13:03
 291

Бүгүн, 21-майда Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин жыйынында "Республика" фракциясынан депутат Чолпон Султанбекова КТРКнын берүүлөрүндө саясий теңдик сакталбай тургандыгын айтып сынга алды.

Жыйында КТРКнын байкоочу кеңешинин 2012-жылга болгон отчёту каралууда.

Султанбекова КТРКны көп деле көрбөй тургандыгын билдирди.

"Жеке телеканалдар кандайдыр бир маселе боюнча оппозицичыл жана көпчүлүк коалициясынын депутаттарынын пикирлерин бирдей чагылдырат. Ал эми КТРКкөпчүлүк коалициясын гана көрсөтөт. Андыктан биз бул каналды көрбөйбүз деле", - деди депутат.

"Ата Мекен" фракциясынан депутат Наталья Никитенко ЖМКда маалыматтардын көпчүлүгү бир тараптуу берилерин жана ал коомчулуктун нааразычылыгын пайда кыла тургандыгын баса белгиледи.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224275

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.