Вице-премьер ТЖБ кеткенден кийинки бюджет жетишсиздигин толтуруу тууралуу айтты

  21.05.13   13:36
 290

"Кыргызстандагы Транзиттик жүк ташуу борбору (ТЖБ) чыгарылса кандайдыр бир тартыштык келип чыгат деген кабатырлануу бар",- деген пикирин бүгүн, 21-майда болгон басма сөз жыйынында вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, мамлекеттин бюджетине резерв катары өкмөт Кара-Балтадагы жана Токмоктогу мунайдын кайра иштете турган заводдордун ишин баштоону, ошондой эле тоо-кен тармагында бир катар долбоорлорду ишке ашыруу жагын караштырып жатат.

"Кара-Балтадагы мунайдын кайра иштете турган заводдон бюджетке түшө турган салымдар 5 млрд сомдон ашат деп күтүлүүдө. Ошондой эле тоо-кен продукциялары дагы резерв болушу ыктымал. Мен өзгөчө экономикалык маселелер болбойт деп эсептейм",- деп ынандырды Сарпашев.

Ал ошондой эле "туура жүргүзүлгөн экономикалык саясат болсо "Манас" аэропортунда түзүлө турган хаб өлкө бюджетине жакшы салым кошот", - деп белгиледи.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224281

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.