Ажылыкка бара тургандардын тизмегин алдын ала түзүлүүсүн муфтият мыйзамсыз деди

  21.05.13   13:35
 248

Бүгүн, 21-майда муфтият 2013-жылдагы хаджды уюштуруу иш чараларына даярдык көрүү менен алек. Бул тууралуу Кыргызстандын мусулмандарынын диний башкармалыгынын хадж жана умра бөлүмү маалымдады.

Белгиленгендей, ажылыкка барчу орундар муфтият тарабынан гана бөлүштүрүлөт. Жазылуу жана паспорт чогултуу иштери жүргүзүлө элек.

"Айрым адамдардын ажылыкка бара тургандардын тизмегин түзүп, паспорт чогулта баштаганы туура эмес жана мыйзамга жооп бербейт. Диний башкармалыктан башка эч кимге ажылыкты уюштуруу укугу берилген эмес", - деди азрети муфтийдин орун басары Замир кары Ракиев.

Ошого байланыштуу муфтият, облустардын жана шаарлардын казыяттарына ажылыкка байланыштуу ар түркүн иш чаралардын мыйзамсыз экенин дагы бир ирет эскертет.

"Эгер жогоруда айтылган эскертүүлөргө көңүл бурулбаса, анда казыяттар мусулмандар арасында башаламандык жараткандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылат", - деп диний башкармалыкта билдиришти.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224283

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.