Өкмөт Майлуу-Суу лампа заводун сатып алат

  21.05.13   13:48
 265

Өкмөт "Майлуу-Суу лампа заводу" жоопкерчилиги чектелген коомун сатып алууга ниеттенип жатат. Бул тууралуу бүгүн, 21-майда болгон басма сөз жыйынында вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев "ВБ"нын суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Белгилей кетсек, буга чейин атайын администрация аталган объектинин стратегиялык жактан маанилүү экенин эске алып, буга чейин банкротко учурады деп жарыяланган "Майлуу-Суу лампа заводу" жоопкерчилиги чектелген коомун өкмөткө 889 млн сомго сатып алууну сунуштаган.

"Өкмөт бул ишкананы сатып алууга ниеттенип жатат. Андан тышкары эки жыл аралыгында заводдогу жабдууларды жаңылоо жагы да пландалууда", -деп белгиледи Сарпашев.

Ал Майлуу-Суу лампа заводу азыркы учурда рентабелендүү экенин айтат.

"Бүгүнкү күндө ишкана тарабынан чыгарылган продукция суроо-талапка ээ, бирок мезгилдин өтүшү менен ишканада колдонулуп жаткан жабдыктар эскирип жатат", -дейт Сарпашев атайын администрация сунуштаган баа учурда такталып жатканын кошумчалоо менен.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224284

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.