ЭВФдин орун басары Кыргызстандын экономикасындагы оң жылыштарды белгиледи

  21.05.13   14:22
 273

Бүгүн, 21-майда премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Эл аралык валюта фондунун (ЭВД) бөлүштүрүүчү-директору Чжу Минди кабыл алды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.

Жолугушуу маалында өлкөнүн бюджет-насыя тармагындагы, каржы рыногу менен ишкер чөйрөсүндөгү маселелер, ошондой эле экономиканы диверсификациялоого жетүүнүн жолдору талкууланды.

"Өкмөттүн алдына ички дүң өндүрүмдүн көлөмүн үч жыл катары менен 7 пайыздык деңгээлден түшүрбөй камсыздоо тапшырмасы берилген",- деди жолугушууда Сатыбалдиев.

Минь ушул жылдын төрт айынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда аймактык деңгээлде экономикадагы оң жылыштар байкалганын белгилеп өттү жана "Залкар банктын" сатылышына туура деген баа берди.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224287

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.