Батукаев боюнча комиссия коррупция боюнча кылмыш ишин козгоону сунуштоодо

Депкомиссия Башкы прокурор, вице-премьер-министр, ички иштер министр жана башка жетекчилерди кызматтан бошотуусун сунуштады.
  21.05.13   14:29
 299

Мыйзамдагы ууру аталган Азиз Батукаевадин абактан мөөнөтүнүн мурда бошотулгандыгына байланыштуу түзүлгөн депутаттык комиссия корутундусунда УКМКга коррупциялык факт боюнча кылмыш ишин козгоо боюнча сунуш киргизди. Бул тууралуу "ВБ"га өздүк булактар маалымдашты.

Ошондой эле корутундуда депутаттык комиссия президентке жана премьер-министрге Башкы прокурор Аида Салянованы, анын орун басары Людмила Усманованы, вице-премьер-министр Шамил Атахановду, ички иштер министри Абдулда Суранчиевди, анын орун басары Фурхат Усеновду жана Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын жетекчиси Зарылбек Рысалиевди кызматтан бошотуу сунушталган.

Корутундуга "Ар-Намыс" фракциясынын мүчөсү Турсунбай Бакир уулу, атамекенчилер Болот Шер жана Жоомарт Сапарбаев кол койгон.

"Комиссиянын айрым мүчөлөрү корутундуга кол коюдан баш таркандыгы тууралуу дагы маалымттар бар", - деп билдирди ишенимдүү булактар.

Ошондой эле тиешелүү документке КСДПнын мүчөлөрү Дамира Ниязалиева жана Эркинбек Сакебаев, эркин депутаттар Канатбек Исаев менен Алмазбек Баатырбековдор дагы кол коё элек экендиги айтылууда.

Эскерте кетсек, мыйзамдагы ууру аталган Азиз Батукаевади дарыгерлердин кан рагы деп чыгарган диагнозунун негизинде 9-апрель күнү Нарындын №4-СИЗОнан эркиндикке чыгарышкан. Батукаев ошол эле күнү жакындары менен чартердик рейсте Грозныйга учуп кеткен.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224288

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.