Архитекторлор жана депутаттар Бишкектин деталдык планын талкуулашты

  21.05.13   14:35
 228

Бүгүн, 21-май Бишкек башкы архитектурасында "Деталдык пландоо маселелерин конструктивдүү чечүү" деген аталышта тегерек үстөл болуп өттү. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Иш-чарага Бишкектин вице-мэри Бакыт Дюшембиев, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Марат Аманкулов, шаардык кеңештин депутаттары, архитекторлор жана эксперттер катышты.

"2006-жылы 2025-жылга чейин Бишкектин башкы планы иштелип чыгып, өкмөт тарбынан бекитилгин. Бирок каражат маселеси чечилбегендиктен деталдык пландоо ишке ашпай калган", - деп жазылат маалыматта.

Белгилей кетсек, болуп өткөн сессиялардын биринде шаардык кеңештин депутаттары 2 жыл аралыгында иштелип чыгуучу деталдык пландоо үчүн 10 млн сом бөлүү чечимин кабыл алышкан.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224289

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.