Англичандар Айтматовдун "Жамилясын" тасмага түшүрөт

  21.05.13   14:31
 310

Кечээ, 20-майда, Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Раев "Фильм партнерс медиа "Дублин" лимитед" деген англиянын компаниясынын өкүлдөрү менен кезикти. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.

Белгиленгендей, продюссер Кристофер Росс жана режиссер Арунц Сони өздөрүнүн жакынкы жылдарга болгон пландары менен бөлүшүштү. Алардын айтымында, Чынгыз Айтматовдун "Жамиля" чыгармасынын негизинде Европа өлкөлөрүнүн кинорыногуна багытталган тасма тартуу пландалууда.

Анын максаты - кинотармактагы эки тараптуу кызматташууну бекемдөө жана Кырнгызстандын туристтик потенциалын үгүттөө. Долбоордун ишке ашырылышы 2014-жылдын май-июнь айларына каралган. Жалпы бюджети 12 млн долларга бааланып жатат. Съемка учурунда жогорку деңгээлдеги боз үй айылынын тургузулушу да планга киргизилген.

Министр мындай долбоорлор Кыргызстанга керектигин айтып, кино тартууга көмөктөшөөрүн кошумчалады.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224290

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.