Ниязалиева: Атаханов ачык жообун айтпай жатат

  21.05.13   14:51
 290

"Депутаттык комиссиядагы кесиптештеримден алдыга чыгып бир нерсе айтуудан алысмын. Бирок дал келүүчүлүкпү же бирөө кызыкдар болгонбу, эмнегедир баардыгын бирдей шашып иш алып баргандыгы бизди да кызыктырып атат", - дейт "Фабула" гезитине берген маегинде Батукаев боюнча депкомиссиянын мүчөсү Дамира Ниязалиева.

Депутаттын сөзү боюнча, ушулардын баарын күч органдарын тескеген вице-премьер-министр Шамиль Атаханов көзөмөл кылуусу керек эле. "Бирок, ал бул нерсеге салкын мамиле кылып, көп суроолорго жообун айтпай, өзүн күнөөлүү сезбегени, ошондой эле кол алдындагы иштеген структураларды да күнөөлөбөй жатканы күмөн санатып атат", -деп кошумчалады депутат.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224291

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.