Бакыт Төрөбаев парламенттин вице-спикеринин кызматында калды

  21.05.13   14:56
 277

Парламенттин регламент жана этика боюнча комитети бүгүн, 21-майда "Республика" фракциясынын вице-спикер Бакыт Төрөбаевди кызматынан чакыртып алуу жөнүндөгү кайрылуусун карай алган жок. Бул тууралуу "ВБ"га комитеттин төрайымы, "Ар-Намыс" фракциясынан депутат Айнуру Алтыбаева билдирди. Профилдик комитет Бакыт Төрөбаев өз кызматында калат деген чечим чыгарган.

Анын айтымында, өткөн аптада республикачылар чакыртып алуу тууралуу кайрылуу жолдошкон, бирок кийин кайрылууну алып кетишкен.

"Бүгүн ошондой эле маанидеги кайрылуу келди. Бирок юридикалык бөлүм фракция жылына бир гана жолу кайрыла алат деген бүтүм чыгарды. Бул укукту "Республика" өткөн аптада пайдаланган, ошондуктан биз депутаттардын бүгүнкү кайрылуусун карай алган жокпуз",- деп түшүндүрдү Алтыбаева.

Эскерте кетсек, "Республика" фракциясынын Бакыт Төрөбаевдин чыгарылганына жана ал "Өнүгүү" деген депутаттык топ түзгөнүнө байланыштуу республикачылар аны вице-спикер кызматына чакыртып алууну көздөшкөн. Анын ордуна Чолпон Султанбекованын талапкерлигин сунушташкан.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224293

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.