Бишкекте мамлекеттик-жеке шериктештик боюнча форум өткөрүлөт

  21.05.13   15:25
 373

Бишкекте 23- майдан 24-майга чейинки аралыкта "Хайятт" конок үйүндө мамлекеттик-жеке шериктештик боюнча форум өткөрүлөт. Бул тууралуу Экономика министринин орун басары Санжар Муканбетов журналисттер менен болгон жолугушууда билдирди.

Анын айтымында, өкмөт форумда мамлекеттик-жеке шериктештикти инфраструктура жана тейлөө тармагында өнүктүрүүнү көрсөтмөкчү. Форумда чет элдик жана жеке менчик структуралардын өкүлдөрүнүн катышуусу пландалып жатат.

"Мамлекеттик-жеке шериктештик мамлекет менен жеке менчик тармактын эки тарапка тең пайдалуу долбоорлор боюнча кызматташуусун карайт",- дейт Муканбетов.

Мамлекеттик-жеке шериктештик жөнүндө мыйзам 2012-жылдын февраль айында кабыл алынган. Ал тоо-кен тармагындагы инвесторлору менен иштешүү өз ичине камтыган эмес.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224294

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.