Мамлекет өлкөнүн баардык дыйкандарын үрөн менен камсыз кылды

  21.05.13   15:26
 296

Көп жылдардан бери алгачкы жолу мамлекет дыйкандарды айдоо үрөнү менен 90-95 пайызга камсыз кылды. Бул тууралуу бүгүн, 21-майда Республикалык мамлекеттик үрөн инспекциясынын директору Вячеслав Руденко маалымдады.

Анын айтымында, дыйкандарга керектеле турган 35 миң тонна буудай үрөнү үчүн 32 миң тонна буудай үрөнү берилген. Арпа боюнча дагы ушундай эле жагдай түзүлдү - талап кылынган 25 тонна арпа үрөнүнөн 23 миң тоннаны камсыз кылып беришти.

"Биздин үрөн чарбалары жакшы иштей баштады, ал эми эң негизгиси дыйкандарга 4,5 млрд сомдук насыя ыңгайлуу үстөк менен берилгени жакшы болду, бул өз кезегинде сапаттуу үрөн сатып алууга мүмкүндүк түздү",- дейт Руденко.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224296

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.