Кыргызстан төрт мамлекеттен 200гө чукул атлеттерди чогултат

  21.05.13   15:16
 286

8-9-июнда Бишкекте жеңил атлетика боюнча олимпия чемпиону Татьяна Колпакованын байгелерине салттуу турнир өткөрүлөт. Бул тууралуу "ВБ"га жеңил атлетика федерациясынын генералдык катчысы Иван Щербаков билдирди.

Анын айтымында, стартка Казакстан, Тажикстан, Түркменстан жана Россиянын бир катар региондорунан келген 200 атлет турнирге катышат. Мелдешке катышкандардын арасынан олимпия программасынын негизинде эң мыктылары аныкталат.

"Биздин курама командада жаш келечектен көптү үмүттөндүргөн атлеттер көп. Алар кийин эл аралык деңгэлдеги спорт чебери болгонго жетиши мүмкүн. Бул Ксения Прокопьева, Виктория Полюдина жана Юлия Андреевалар", - деди Щербаков.

Мелдешке Татьяна Колпакованын да келиши күтүлүүдө. Ал 15 жылдан бери Москва облусундагы спорт комитетте иштеп келет, бирок өз мекенине жыл сайын келип турат.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224297

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.