Профилдик комитет Ат-Башы ГЭСи үчүн Швейцариянын грантын колдоду

  21.05.13   15:36
 333

Парламенттин отун-энергетика комплекси жана кен пайдалануу комитети Кыргызстан менен Швейцариянын өкмөтүнүн ортосундагы "Ат-Башы ГЭСин реконструкциялоо" боюнча каржылык жардам берүү жөнүндө келишим долбоорун колдоду.

Энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Айбек Калиевдин айтымында, долбоордун баасы 24,7 млн швейцария франкын түзөт. Анын 80 пайыздын Швецария тарап бөлүп берсе, калган 20 пайызын Кыргызстан тарап өз каржылоосуна алат.

Комитет төрагасы, "Ар-Намыс" фракциясынан депутат Кожобек Рыспаев Экономика министрлигине бул грант "Манас" аэропортундагы аба секисиндей болбой жеринде так пайдаланышы үчүн сунушталган каражаттарды натыйжалуу пайдаланууну өтүндү.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224299

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.