Бокс боюнча Россиянын курама командасы машыгуу үчүн Ысык-Көлгө келишти

  21.05.13   15:39
 281

Россиянын бокс боюнча курама командасы Ысык-Көл облусундагы Тамга айылында машыгууларын өткөрүшөт. Делегациянын жетекчиси Иван Шидловскийдин айтымында бул Дүйнөлүк универсиаданын алдында өткөрүлө турган акыркы этаптарынын бири. "21-күндүк сбордон кийин команда акыркы ирет Москвада чогулат. Андан кийин 2-июлда Казан шаарына сапар тартабыз", - деди ал.

Андан тышкары Шидловский бул жака келген мушкерлер учурда Россиядагы эң мыктылардын бири деди. "Буюрса эч кимиси буту-колун кокустатып албаса эле, дүйнөлүк универсиадага катышышат" деп кошумчалады.

Эске салсак, Россиянын бокс боюнча курама командасынын сборлору Кыргызстандык мушкерлер менен биргеликте өтөт. Ал Адылхан Бекболотовдун жетекчилиги алдында турган 18 мушкерден турат.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224301

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.