Бекешев ар бир букмекер кассасына 20 миң сомдук патент берүүнү сунуш кылды

  21.05.13   15:44
 279

Бүгүн, 21-майда парламенттин экономика жана фискалдык саясат комитетинин жыйынында "Ар-Намыс" фракциясынан депутат Дастан Бекешев тотализаторлор жана букмекердик конторлор үчүн 20 миң сомдук патент киргизүүнү сунуштады.

Ал Кыргызстанда жаңы тотализаторлор жана букмекердик конторлорду ачууга тыюу салынганын эскертти. "Бирок учурда иштеп жаткандарга салык жыйнаш үчүн патент киргизүү сунушталып жатат. Аны төлөш үчүн имараттан эмес, ар бир кассадан алуу жагы каралууда. Балким бир имаратта бешөө болушу ыктымал. Ошентип салыктын суммасы буга чейин төлөнгөндөн көп болот",- дейт Бекешев.

Эскерте кетсек, буга чейин парламент президент Алмазбек Атамбаевдин тотализатор жана букмекер конторлорунун ишмердиги жөнүндө мыйзам долбооруна каршылык билдирүүсүн колдогон. Мамлекет башчысынын пикиринде, казино сыяктуу мекемелер кумар оюндарынын түрлөрүнө кирет жана аларга оюн үйлөрү менен бирге тыюу салыш керек.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224302

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.